Кытайдын Гуйчжоу провинциясындагы Жунцзян округунда акыркы 30 жылдагы эң катуу суу ташкыны болду. Мындан улам куткаруучулар 40 миңден ашуун адамды коопсуз аймактарга эвакуациялашканын CCTV телеканалы билдирди.
Мезгил-мезгили менен жааган жаандан улам дарыялар нугунан ашып, суу ташкынына алып келген. Жунцзянда көчөлөрдү суу каптагандыктан куткаруучулар адамдарды кайык менен эвакуациялашты. Кээ бир жерлерде суу жерден 3 метр бийиктикке чейин көтөрүлгөн.
Телеканалдын маалыматы боюнча, кеминде 150 киши жаракат алганы айтылат.