Биз социалдык тармакта

Кыргыз күрөшү боюнча курама Дүйнөлүк чемпиондукта байгелүү орундарды багынтты

Кыргызстандын кыргыз күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Татарстандын Казань шаарында өткөн III Дүйнөлүк чемпиондукта 10 медаль (9 алтын, 1 коло) жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Алтын медалдын ээлери:
60 килограмм, Толубай Шүкүров;
72 килограмм, Назарбек Космосбек уулу;
78 килограмм, Бактияр Кадырбек уулу;
84 килограмм, Мыктыбек Өмүрзак уулу;
90 килограмм, Азизхан Мусабек уулу;
96 килограмм, Асанкелди Нурказым уулу;
Бактыяр Мирлан уулу (абсолюттук салмак);
60 килограмм, Бегай Бейшенаалы кызы;
+66 килограмм, Айжан Анарбекова.
Коло ээси:
66 килограмм, Арлен Эстебесов.

Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан