Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча президенттин программасынын алкагында Бишкектен “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялоо борборуна экинчи топ жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда мэрия билдирди.
Маалымдалгандай, Ысык-Көлдөгү эс алууга окуунун эң мыктылары, активисттер, окуу жылында мыктылыгын көрсөткөн окуучулардан 66, ал эми социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын тизмесинде турган 28 бала жиберилди.
Мэрия бул кадам балдарга бир гана күч-кубатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бербестен, мындан аркы өнүгүүсүнө жана жаңы жетишкендиктерине түрткү боло тургандыгын кошумчалады.