Бишкектеги СПИД борборунда кезек талашып чыр чыгаргандар айыпка жыгылышты (видео)

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы коомдук жайда жарандардын тынчын алгандарга чара көрүлгөнүн билдирди.

Райондук милиция бүгүн, 25-июнда социалдык тармактар аркылуу Республикалык СПИД борборунда кезек талашып, чыр чыгарган аялдын видеосу тарары менен факт каттоого алынганын белгиледи.

Натыйжада 37 жаштагы аял киши менен 25 жаштагы жигит милиция бөлүмүнө жеткирилип, аларга Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Жыйынтыгында Биринчи Май райондук соту тарабынан аларга 5 500 сомдон айып пул салынды.

25.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akyljan12
2025-06-25 14:47:00
Эмнеге именно СПИД борборунда. Бул окуя өлкөдө СПИД орчундуу көйгөйлөрдөн экенин билгизгендей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан