"Баары эми башталат". Ырчы Иса Өмүркулов 30 жашта

Көпчүлүккө кичинекей кезинен таанымал, сахнада харизмасы, энергиясы менен айырмаланган Иса Өмүркулов бүгүн, 25-июнда 30 жашка толду. Ырчы мектепте окуп жүргөн кезде эле жагымдуу үнү менен элдин сүймөнчүгүнө айланган. Бирок 2008-жылы үнүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу ал убактылуу сахнага чыкпай калган. Бир нече жыл тыныгуудан кийин "Гүлзар" аттуу ыры менен дароо эле коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынынып, кайрадан эл сүймөнчүгүнө айланган.

"Мен 30 жашка толдум. Альхамдулиллах, дагы бир өмүр жылы…

30 - бул "көп" да эмес, "аз" да эмес. Бул - чыныгы нерселер ичибизде экенин түшүнүүгө жетиштүү курак. Жана керектүүнүн баары бизде бар экенин түшүнүүгө да жетиштүү. Багытымды жоготпой, өзүмдү да жоготпой, баарын жүрөктөн жасоо гана калды.

Аллахка бардыгы үчүн шүгүр. Жашоо уланып жатат. Жана мен жашап жатамын, ишенимим менен, жылуулук менен, туура жашоого болгон ниет менен.

Жаңы бийиктиктерди көздөй алга! Жакында жаңы ырларым, клиптерим жана долбоорлорум менен силерди кубантам. Баары эми гана башталууда", - деп билдирүү калтырды Өмүркулов социалдык тармактагы баракчасында.

Биз ырчы менен байланышып, туулган күнүн кантип өткөрөт, биринчилерден болуп ким куттуктады, кызыгып көрдүк.

- Саламатсызбы, Иса мырза? Өздүк майрамыңыз кут болсун! Айтсаңыз, бүгүн биринчилерден болуп сизди ким куттуктады?

- Саламатсыздарбы! Чоң рахмат! Мен 30 жыл мурун ушул күнү болжол менен 12:30дарда Бишкек шаарында төрөлгөм. Бүгүн болсо эң биринчи апам WhatsApp аркылуу куттуктады.

- Эсте калган туулган күнүңүз жана алган белегиңиз тууралуу айтып бериңизчи.

- Чынын айтсам, ар бир туулган күнүм жагымдуу өтөт жана баары эсте. Жакындарымдын курчоосунда өткөргөн ар бир өздүк майрамымды жылуу элестер менен эстейм. Эсте калган туулган күндүк белек болсо, 2011-жылы ата-энем Гольф 4 үлгүсүндөгү унаа берген. Бул менин эң биринчи унаам болгон.

- Социалдык баракчаңызда жакында жаңы ырларым менен сиздерди кубантам деп жазыпсыз, ошол тууралуу айта кетсеңиз.

- Бир жума мурун Алыкул Осмоновдун "Өмүргө" аттуу ырына өзүм обон чыгарып ырдап чыктым.

- Сонун жаңылык! Жеке жашооңузда кандай жаңылык болуп жатат? Качан үйлөнөйүн деп жатасыз?

- Бул аябай оор суроо. Анткени үйүмдөгүлөр да "качан?" деп сурап башташты. Баары убактысы менен болот.

- Түшүнүктүү. Бүгүн туулган күнүңүзгө кандай пландарыңыз бар жана кимдердин курчоосунда белгилейсиз?

- Кечки 18:00дө үй-бүлөм, жакындарым, таенем, бир туугандарым менен кечки тамакка барам. Андан кийин 23:00 чамасында досторум менен жолугам.

- Дагы бир жолу туулган күнүңүз менен куттуктайбыз, сизге чыгармачылык ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалайбыз! Убакыт бөлүп маек бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Эске салсак, ырчы 2017-жылдары да сахнадан бир аз алыстап, көп ырдабай калган. Жергиликтүү басылмаларга берген маектеринин биринде бизнеске активдүү киришип, ишкер болгонун айткан. Өмүркулов анда бизнес менен алектенип жатканына карабай чыгармачылыкта да ырларды жазып, клиптерди тартканды токтотпогонун билдирген.

Иса балалык кезде көп ырдап, ар түрдүү конкурстарга катышып, чыгармачылык жашоодо активдүү болгон. Катышкан конкурстарда байгелүү орундарды, баш байгени алчу. Өспүрүм кезинде үнүнүн табигый өзгөрүшүнө байланыштуу вокал мугалимдери ага убактылуу ырдоого тыюу салган. Ырчынын айтымында, мугалимдеринин мындай тыюу салуусу ага оор тийген. Кийин 15 жашында кайрадан сахнага кайтып келген. Анда, чоңоюп, мурункудан башкача форматта, башка стилде ырдап баштаганы байкалган.

Ырчынын айтымында, эски клиптерин көрүү ага ностальгия болуп, убакыттын бат өтүп жатканын сездиртет.

"2005-жылы ырдап, клиптерди тартып баштагам. Убакыт учкан куш экен, арадан 20 жыл өтүптүр. Эски клиптеримди көргөндө жагымдуу жана ошол эле убакта убакыттын бат өтүп атканына бир аз кайгыруу болот. Бирок бул клиптер менин бала кездеримден жакшы эстелик катары кабыл алам", - деп кошумчалады Иса Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан