Дастан Бекешев: "Ушундай ысыкта бак-дарактар өспөй жатат" (видео)

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев шаарларда, аймактарда жашылдандыруу иштери жакшы жүрбөй жатканын айтты.

"Бак-дарактар кандай өсүп жатат, эч ким билбейт. Отчётту жакшы эле "мынча көчөт отургузуп койдук" деп жазып жатышат. Бирок ирригация маселеси начар. Ушундай ысыкта бак-дарактар өспөй жатат. Өзгөчө Бишкектеги парктар каралбай калды",- деди ал.

Эл өкүлү өкмөттөн президенттин үч жыл мурун чыгарган "Жашыл мурас" жарлыгын жергиликтүү бийлик кандай деңгээлде аткарышып жатканын текшерүүнү суранды.

Дастан Бекешев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан