Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык ишканалардын башын бириктирген чоң жыйын өткөрдү. Анда шаар башчысынын буга чейинки шаарды кыдырып өткөргөн рейддеринин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда мэрия билдирди.
Жунушалиев жыйындын алкагында берилген тапшырмалар аткарылбагандыгын айтып, бир топ жетекчилердин ишин сынга алды. Ошондой эле өз ишин жөндүү аткара албаган Октябрь районунун №8, Свердлов районунун №18,19, Новопавловка, Ленин районунун №3 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчыларын жумуштан кетирди.
"Биздин ордубуз кимге керек болуп калды?" деп суроо бересиңер. Ордуңар иштей тургандарга керек. Доомат койгондон башка эмне иш кылып жатасыңар?",- деди мэр жыйында.
Жыйында эң негизги маселелер - таштанды, иретке келбеген короолор, саргайып кеткен бак-дарактар болду.