Социалдык тармактарда милиция кызматкеринин бийлеп жаткан видеосу тарады.
Видеодон милиция кызматкеринин топ адамдардын ичинде бийге түшүп, сальто таштап жатканын көрүүгө болот.
Бул видео качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз. Соцтармакта колдонуучулардын кээ бирлери суктанып позитивдүү комментарийлерди калтырса, кээ бирлери бул кино жана чыныгы милиция кызматкери эмес, актёр экендигин билдиришүүдө.