Ысык-Көлдө изделип жаткан чет өлкөлүк жаран аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБиден билдиришти.
Маалым болгондой, 23-июнда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Казакстандын Алматы шаарынын 68 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү, болжол менен саат 09:10 чамасында 36 жаштагы уулу Чолпон-Ата шаарынын тоолуу аймагына эс алууга чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбей, дайынсыз болуп жатканын айткан.
Аталган факт каттоого алынып, издөө иштери башталган. Натыйжада ал Арал тоосунан аман-эсен табылып, апасына өткөрүлүп берилди.
"68 жаштагы казакстандык милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады",- деп айтылат маалыматта.