УКМК Жалал-Абаддагы Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилерин кармады

Жалал-Абад облустук милициясынын Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилери жарандардан акча чогултууларды уюштурушкан деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат Кайгуул-күзөт кызматынын командири, милициянын полковниги Ж.А. кызматтык абалынан пайдаланып, кол алдындагыларды коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандардан акча чогултууга мажбурлап келгенин белгиледи.

Ал кол алдындагыларды "кызматыңардан алынасыңар" деп коркутуп, взводдун командирлерин ага жума сайын 20-30 миң сом берип турууга милдеттендирген. Ал эми взводдун командирлери өз кезегинде кол алдындагыларды элден акча чогултууга мажбурлашкан.

Мындан улам Ж.А. жана Кайгуул-күзөт кызматынын взводунун командирлери болгон милициянын ага лейтенанты М.К., милициянын кенже лейтенанты К.Т. жана милициянын прапорщиги А.А. кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан