Президент: "Кыргызстан – бүткүл дүйнө үчүн ачык, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү"

Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Малайзиянын 50дөн ашуун ири компанияларынын, ошондой эле тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын башында мамлекет башчы сөз сүйлөп, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө айтып берди.

Ал соңку жылдары мамлекет инвестициялык климатты ар тараптан жакшыртуунун үстүндө иш алып барып жатканын баса белгиледи. Инвесторлор үчүн жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлүп, укуктук кепилдиктер камсыздалып, ишмердүүлүк үчүн шарттар түзүлдү.

Президент Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери тууралуу да кыскача айтып берип, малайзиялык компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Мамлекет башчысы кызматташуунун келечектүү багыттары катары гидроэнергетика, агроөнөр жай, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо, санариптештирүү, минералдык-сырьёлорду казып алуу жана кайра иштетүү тармактарын карап чыгууну сунуштады.

"Кыргызстан – бүткүл дүйнө үчүн ачык, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Малайзия менен болгон кызматташтыгыбыз өз ара сый-урматка, бекем ишенимге жана туруктуу өнүгүүгө умтулууга негизделген ийгиликтүү өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенем",- деди Жапаров.

Малайзиянын ишкерлери Садыр Жапаровго жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүн бергени жана ар кандай багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар болгону үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар мындай диалог ишкердик мамилелерди бекемдөө жана мындан аркы кызматташуу үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Иш-чаранын соңунда президенттин катышуусунда бир катар документтерге кол коюлду:

- Кыргызстандын экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен "AviaDinamika" компаниясынын Кыргызстанда эт халал-паркын курууга инвестиция тартуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүгү жөнүндө меморандум;

- "Кыргызалтын" ААКсы менен "Public Gold Marketing Sdn. Bhd." компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

- "Кыргызалтын" ААКсы менен "Public Gold Marketing Sdn. Bhd." компаниясынын ортосундагы аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтынды сатып алуу-сатуу келишими;

- Кыргызстандын энергетика министрлиги менен "CitaGlobal Berhad" компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен "PLATINUM GREENHAVEN (M) SDN BHD" компаниясынын ортосунда Кыргызстанда халал-индустриясын өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Бишкек шаары менен Куала-Лумпур шаарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан