Шереметьеводо наристени ыргытып жиберген жаран 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Шереметьево аэропортунда 2 жаштагы наристени жерге ыргытып жиберген жаран 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

31 жаштагы Владимир Витиков кечээ, эртең менен Шереметьеводогу окуя боюнча биринчи көрсөтмөсүн берди. Анын айтымында, ал Египеттин Каир шаарында курулушта иштеп жүргөндө баңгизат колдонгон, андан кийин аэропорттогу дүкөндөрдүн биринен ичимдик ичип, эс-акылын жоготуп койгон.

Кармалгандан кийин ал бир нече саат өзүнө келе албай жаткан. Айрым маалыматтар боюнча, Витиков шизофрения менен ооруйт. Анын социалдык тармактардагы баракчаларынан байкалгандай, Витиковдун жубайы жана 2 жаштагы кызы бар.

Окуядан жабыр тарткан 2 жаштагы наристе азыркы учурда Красногорск шаарындагы Рошаль атындагы медициналык борбордо дарыланып жатат. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, баланын баш сөөгү жана омурткасы сынган, учурда атайын дарылоолор жүрүп жатат.

Баланын ата-энеси Ирандын жарандары экени белгилүү болду.

Эске салсак, кечээ, 24-июнда социалдык тармактарда Орусиядагы аба майдандардын биринде белгисиз адам 2 жашар наристени жерге ыргытып жиберген видео тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан