Бактыбек Бекболотов ШКУнун катчыларынын жолугушуусуна катышты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Шанхай кызматташтык уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Пекин шаарында өткөн юбилейлик жыйырманчы жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара башталар алдында делегация башчыларын КЭРдин төрагасынын орун басары Хань Чжэн кабыл алды.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө ШКУ аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук темасына токтолуп, аягына чыкпаган согуштардын жана саясий кризистердин айланасында терроризм жана экстремизмден тышкары курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, баңгизаттарды сатуу жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгү дагы деле коркунуч туудуруп жатканын белгиледи. Коопсуздук чакырыктарынын катарына өзгөчө жаштарга күчтүү таасир эткен радикалдык идеологиялык көз караштардын жана концепциялардын кеңири жайылышы, ошондой эле терроризмди жана экстремизмди пропагандалоо үчүн интернетти колдонуу да кирет.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 20-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Белгилей кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны 2026-жылы Кыргызстанда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан