Астана калаасынын тургуну, ойлоп табуучу Серикбол Шаймардан өзү термелүүчү бешикти ишке киргизди. Бул тууралуу казакстандык ММКлар билдиришти.
Маалыматка ылайык, казак жигитинин эмгеги “Smart Бесик” деп аталып, ага атайын техникалык орнотмо жайгаштырган. Бешик өзү термелет жана термелип жаткан маалда орнотмодо бала уктатуучу элдик ыр жаңырып турат. Аппарат баланын үнүнө карап кыймылга келет да, анын кан басымын текшерип, өз учурунда анын астындагы төшөктүн суу болгонунан бери билдирип турат.