Бишкекте курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, курал-жарак шаар аймагындагы курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен табылган. Жашыруун жайды "ИГИЛ" террористтик уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум 44 жаштагы киши уюштурган. Ал кылмыш чөйрөсүндө Тоха каймана аты менен белгилүү.
Табылган курал-жарактар:
Эске салсак, Тоха 2015-жылы Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция маалында "ИГИЛ" террористтик-экстремисттик тобунун мүчөлөрүнүн курамында жок кылынган.