Сауд Арабиясында жаңы хижрий жыл - 1447-жылдын башталышы менен Кааба ажы үйүнүн жабуусу (кисва) жаңыланды. Бул тууралуу Меккедеги Месжид аль-Харам жана Мединадагы Месжид ан-Набавий боюнча иштерди жүргүзгөн Башкы башкармалык расмий билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, жабууну алмаштыруу иши 154 адистен турган топ тарабынан кечээ, 25-июнь күнү кечинде жүргүзүлгөн. Жалпысынан 47 бөлүктөн турган жана 1415 килограммдык жаңы жабуу орнотулуп, бул процесс бир нече саатка созулган.
Жаңы жабууну тигүү үчүн 825 килограмм таза жибек, 180 килограмм күмүш жана алтын колдонулганы айтылат. Мурдагы жабуу болсо замзам суусу менен жуулгандан кийин, ислам өлкөлөрүнө жиберилип, музейлерге коюлат.
Маалымат үчүн: Кааба жабуусундагы жазуулар Курандагы аяттар менен кооздолуп, алар алтын жана күмүш зымдар менен саймаланат. Бул жабуу Меккедеги Крал Абдулазиздин Кисва комплексинде даярдалат. Бул жерде 200гө жакын усталар жана административдик кызматкерлер иштешет. Ошондой эле узундугу 16 метрге жеткен, компьютер менен башкарылуучу дүйнөдөгү эң чоң тигүү машинасы жайгашкан.
Буга чейин Кааба жабуусу ар жыл сайын Зилхижжа айынын 9-күнү (Арапа күнү) алмаштырылып келген. Бирок 2022-жылдан тарта бул салт өзгөрүп, жаңы жылдын биринчи күнү - 1 Мухаррамда алмаштырылып келүүдө.