Бишкектеги Курулуш колледжинин мугалимдери опузалап пара талап кылууга шектелишүүдө 

Бишкектеги Курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин мугалимдери опузалап пара талап кылууга шектелишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, студенттерден мамлекеттик бүтүрүү экзамендерине кирүү жана дипломдук ишти коргоо үчүн акча каражаттарынын бир бөлүгүн алууда кафедра башчысы К.Д. жана окуу жайдын окутуучусу И.Н. кармалды. Мугалимдер накталай жана М-банк мобилдик тиркемеси аркылуу 20 000 сомдон ашык өлчөмдөгү акча каражаттарын алгандыгы аныкталды.

Учурда кафедра башчысы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окутуучу эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан