Оштогу “Кайырма” каналынын жээгин көрктөндүрүү иштери башталды

Оштогу “Достук” кичи районундагы Сүйүнбаев көчөсүн аралап өткөн “Кайырма” каналынын жээгин көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен каналдын жээгин ачуу иштери жүрүп жатат. Мында жапайы бадалдар жана дарактар иретке келтирилип, канал жээгинин корук аймагына салынган курулуштарды алып салуу жумуштары жүрөт. Бул иштерди шаардагы чарбалык ишканалардын кызматкерлери жасап жатышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан