Дүйнө боюнча көпчүлүк жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, көптөгөн хит ырларды жана бир нече кинолордо роль жаратып келе жаткан Ариана Гранде бүгүн, 26-июнда 32 жашка толду. Ырчы, актрисанын туулган күнүнө утурлай кызыктуу фактылар топтомун сунуштайбыз.
Ариана Бутера-Гранде 1993-жылы 26-июнда АКШдагы Флориданын Бока-Ратон шаарында туулган. Ырчынын бою – 155 сантиметр, салмагы – 44 килограмм. Ал үй-бүлөдө – 2 бир туугандын кенжеси, агасы бар. Атасы Эдвард Бутера ишкер, апасы Жоан Гранде үй кожойкеси болсо да балдарын искусствого жакын өстүрүшкөн. Кичинекей Ариананын тили чыгып баштаганда эле балдар театрына берип, актрисалык дараметин арттырууга көмөк көрсөтүшөт. Тилекке каршы, Ариана 8 жашка кадам таштаганда ата-энеси ажырашып кетишкен.
14 жашка толгондо ырчы музыкалык менеджерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Лос-Анжелеске келип, "мен R&B стилинде альбом жаздыргым келет" деп аларды таң калдырган. Өспүрүмдүн амбициясына баа беришкени менен менеджерлер: "Бул жакшы идея. Бирок 14 жаштагы кыздын R&B альбомун ким сатып алмак эле?" - дешкен. Буга Ариана капа болсо да, шагын сындырбай "Бродвей" театрындагы (Нью-Йорктогу Бродвей көчөсүнүн атынан коюлган театр) мюзиклдарга катышып режиссёрлордун көзүнө илинип, "Виктория – жеңүүчү" сериалында ойноого мүмкүнчүлүк алат. Гранде 17 жашында үн жаздыруучу компания менен биринчи келишимин түзгөн. "Put your hearts up" аталышындагы дебюттук альбому жарык көрөрү менен ырчы жаштардын арасында баш айланткан атактуулукка жетет.
Ариана Гранде аз убакыт ичинде катарынан концерттик турнирлерге чыгып, 3 альбом чыгарып, 20 жашында 14 миллион доллар киреше тапкан. Жаш экенине карабай ырчы кайрымдуулук акция, долбоорлордун активдүү катышуучусу болгон.
2014-жылы америкалык рэп ырчы Биг Шон менен кыз-жигит болуп 1 жыл сүйлөшкөн. 2015-жылы ирландиялык ырчы Найл Хоран менен мамиле түзгөн. 2016-жылы Ариана Гранде "The Way" синглин жазуу учурунда таанышкан рэпер Мак Миллер менен мамиле түзө баштаган. Алар 2 жылдан кийин эки жолго түшкөн. Ошол эле жылы Миллер каза болуп калган. Фанаттары анын өлүмүнө Ариананы күнөлүү деп эсептешкен. Миллер баңгизат чегип жүрүп каза болгон. 2018-жылдын май айында Ариана актёр Пит Дэвидсон менен сүйлөшө баштаган. Ошол эле жылы октябрь айында эки ажырым жолго түшүшкөн. 2020-жылы Ариана риэлтор Далтон Гомес менен мамиле түзө баштап, 2021-жылы май айында жашыруун баш кошушкан, бирок түгөйлөр 2024-жылы ажырашып кетишкен.
Ариана Гранде кичинекейинен көп ооруйт. Ал гипогликемиядан жабыркайт, ошондой эле ырчы ата-энеси ажырашып кеткенде он жылдан ашык терапиядан өткөн. Ырчынын тогуз ити бар.
Кыска фактылар:
Ариананын жакшы көргөн жемиштери - кулпунай жана дарбыз.
Ариана караңгыдан коркот.
Спорттон сууда сүзүүнү, футболду жана хоккейди жакшы көрөт.
Анын жакшы көргөн түстөрү - көк, зефир, жашыл жана коралл.
Апасы анын атын Софи койгусу келген, бирок кийин Ариана деген ысымга токтолгон.
Ариананын үнүн өзгөртүп, Бритни Спирс, Шакира, Элизабет Гиллис, күлгөн наристе, ыйлаган ымыркай сыяктуу ар кандай адамдардын үндөрүндө ырдаган таланты бар.
Ариана "Гарри Поттердин" китептерин жакшы көрөт.
Дисней каналын көргөндү жактырат.
Ырчы - вегетарианка.
Кээ бир учурларда дүрбөлөңгө түшүп калат.