Камчыбек Ташиев дагы бир кызматты аркаламай болду

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Анын орун басары болуп Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков дайындалды.

Камчыбек Ташиев бул сунуш күтүүсүздөн болгондугун айтып, өлкөдөгү алдыңкы окуу жайды мындан ары өнүктүрүүгө салым кошо тургандыгын билдирди. Ошондой эле окуу жайдын корпустарын куруу аймактарда да колго алынуусу керектигин айтты.

Белгиленгендей, бүгүн, 26-июнда аталган окуу жайда жыйын болуп, ага Орусиянын президенттик аппаратынын Район аралык жана чет мамлекеттер менен маданият тармагын чыңдоо башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов катышты.

Маалымат үчүн: Камкордук кеңеши - бул билим берүү уюмдарында түзүлгөн орган. Ал окуу жайдын өнүгүүсүнө жана ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтөт. Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, окуу жайдын ишин жакшыртууга жана башка маселелерди чечүүгө катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан