Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын балбан кыздары Вьетнамдын Вунгтау шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 3 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Коло медалдын ээлери:
53 килограмм, Бактыгүл Жуманазарова;
69 килограмм, Аяна Асамаликова;
73 килограмм, Меруерт Октябрьева.
Курама команда улук машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.