Жалал-Абадда интим кызматын көрсөтүп келген делип 34 жана 40 жаштагы айымдар кармалышты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга массаждын атын жамынып, бирок интимдик кызмат көрсөтүп келген көмүскө жай тууралуу билдирүү түшкөн. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Натыйжада алар Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринен кармалышкан.
Учурда териштирүү иштери уланууда.