60 күн керебетте жатышат. NASA салмаксыздыкты изилдөө үчүн ыктыярчыларды издөөдө

NASA керебетте жатып өткөрүлүүчү экспериментке катышуучуларды издөөдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

АКШнын изилдөөчүлөрү адамдын организми микрогравитация (салмаксыздык) шартында кандай өзгөрөрүн изилдөө үчүн экспериментке ыктыярчыларды чакырышат.

Катышуучу 60 күн бою керебетте жатып, башы төмөн караган абалда болууга тийиш. Бул убакыт ичинде төшөктөн турууга, отурууга жана денени бүгүүгө болбойт. Ар бир ыктыярчыны камера аркылуу күнү-түнү көзөмөлдөп турушат.

Салмаксыздык шартында адамдын булчуң массасы азаят, сөөктөр тыгыздыгын жоготот, ал тургай жүрөктө мурдагыдай көлөмдө кан айланбай калат.

Эксперимент бүткөндөн кийин катышуучулар кайрадан отурууну, турууну жана басууну үйрөнүшү керек болот. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга чоң суммадагы акча каражаты берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан