Ош облусунда телефон жана дары-дармектерди аткезчилик жол менен ташыган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, контрабандалык товарларды убактылуу сактоочу жайларда жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада өлкөгө бажы алымдарын төлөбөстөн жана тиешелүү каттоосуз алынып келинген iPhone үлгүсүндөгү телефондор, ошондой эле алып кирүүгө тыюу салынган дары-дармектер табылган.
Кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү катышуучулары М.А., Г.Ж. жана М.О. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.