Такси кылууга уруксат берүү шылтоосу менен 656 миң сом алган жаран кармалды

Ысык-Көл облусунун "Каракол - Кызыл-Суу" багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга (такси) уруксат берүү шылтоосу менен 656 миң сом пара алып жаткан жеринен Д.Н. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Аталган жаран өзүнүн иш-аракетин мыйзамдаштыруу максатында "Н.Т." ЖЧКсы ишкердик субъекти аркылуу транспорттук жана ортомчулук кызматтарды көрсөтүү боюнча жасалма келишимдерди түзгөндүгү аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан