Израил менен согуш токтогондон кийин тегерандыктар шаарга кайта башташты

Израилдин Тегеранга жасаган чабуулдарынан кийин көптөгөн шаар тургундары өлкөнүн түндүк аймактарына чыгып кетишкен. Эки өлкө ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкенден кийин алар кайра борборго кайта башташты. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматтарга караганда, кайтуулар көбөйгөндүктөн, жолдордо чоң тыгындар пайда болууда. Тегерандын түндүгүндөгү шаарлардан баш калаага кайтуучулардын саны соңку 3 күндө кескин өскөнү айтылууда.

Ирандын Жол кыймылы полициясы тыгындарды азайтуу үчүн Тегерандын жана Кередждин түндүккө карай жолдорун убактылуу жапты. Азырынча бардык кыймыл түндүктөн Тегеранга карай гана жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан