Опузалап акча талап кылган эки жаран кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана жарым криминалдык элемент пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда УКМКдан билдиришти.

300 миң сом опузалап акча талап кылып, 70 миң сом пара алып жаткан учурда Ж.Б. жана Т.У. аттуу эки жаран кармалды. Алардын бирөөсү Ж.Б. маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары автоматташтырылган маалымат базасында катталган, ал эми Т.У. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “жарым криминалдык спорттук жаштардын " өкүлү.

Буга чейин Ж.Б. жана Т.У. кредит боюнча маселени физикалык зомбулук менен коркутуу жолу аркылуу чечкендиги үчүн К.Э. аттуу жарандан 20 миң сом өлчөмүндө (О Банк! мобилдик капчыгына) талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алышкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча эки жаран Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан