
Бүгүн, 27-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу
Максим Лисицын келишим мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматтан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, ал менен келишим 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин түзүлгөн.
"КФБ жетекчилиги, орусиялык адис менен келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматташууну токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Башкы машыктыруучу менен кошо анын машыктыруучулук штабы дагы толугу менен кетет",- деп айтылат маалыматта.
КФБнын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев Максим Лисицын жана ал жетектеген машыктыруучулар штабынын бардык мүчөлөрү менен жолугушуп, биримдиктин президенти Камчыбек Ташиевдин жана футбол коомчулугунун атынан ыраазычылык билдирди.
Белгиленгендей, Лисицындин башкаруусунда курама тарыхый болуп эсептелинген 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда оюн көрсөттү.