Бүгүн, 27-июнда Сергей Волков Кыргыз-Орусия Славян университетинин ректору болуп шайланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын расмий сайтында жарыяланды.
Волков 2024-жылдын октябрь айынан бери университеттин ректорунун милдетин аткарып келе жаткан. Буга чейин ал Г.И.Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин проректору болуп иштеген.
Волковдон сырткары Марат Кудайкулов менен Марина Юрченко да ректорлукка талапкер болушту. Бирок Волковдун талапкерлиги Камкорчулар кеңеши тарабынан колдоого алынды.
Шайлоого Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, проректорлор жана башка адамдар катышты. Эске салсак, аталган окуу жайдын ректору беш жылга шайланат.