Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Беларустагы иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы эгемендүүлүк сарайында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын алдында делегация башчыларын Беларустун президенти Александр Лукашенко тосуп алды.
Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин лидерлер тар курамдагы ЖЕЭК жыйынына катышуу үчүн залга жөнөштү.