Иранда Израилдин чабуулдары маалында Сүлейман Сүлеймани аттуу илимпоз каза тапканы кабарланды. Бул тууралуу Тегерандагы Илим жана технология университети расмий билдирүү таратты.
"Биздин университеттин Химия инженериясы бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, өлкөбүздүн өзөктүк илимпозу инженер Сүлейман Сүлеймани Израил режими жүргүзгөн чабуулдарда шейит болду",-деп жазылат билдирүүдө.
Сүлеймани акыркы күндөрү Израилдин Ирандагы максаттуу чабуулдарынан улам каза болгон окумуштуулардын бири.