Социалдык тармактарда кызды бетке чапкан видеосу тараган ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны Р.О. үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 26-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгынын 1-бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн Р.О.Б.ге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандоо жөнүндө өтүнүчүн канааттандырган жок.
"Р.О.Б. Жазык кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган деп айыпталып, ага карата бөгөт чарасы катары 25-августка чейин үй камагына алуу чечими белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, социалдык тармактарда эркек адамдын аял кишини жемелеп, бетке чапкан видеосу тараган. Жабыркаган кыз арыз менен кайрылып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.