Орусияда балдар аянтчасында кой сойгон мигрант өлкөдөн чыгарылды

Орусиянын Москва шаарындагы балдар аянтчасында кой сойгон мигрант өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, мындай чечим социалдык тармактарда окуянын видеосу тарап, коомчулукта чоң резонанс жараткандан кийин кабыл алынган.

Окуяга катышкан дагы бир адам 15 суткага камакка алынды. Ал Орусиянын жараны болгондуктан өлкөдөн чыгарылган эмес.

Ал эми мигранттар жашаган үйдүн кожоюну аларды чыгаруу чечимин кабыл алганы менен, үй-бүлө азырынча ал батирден чыга элек.

Эске салсак, буга чейин Москвадагы турак үйлөрдүн бириндеги балдар аянтчасында бир нече адамдын кой союп жаткан видеосу тараган. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып, окуяга тиешеси бар адамдарга чара көрүү тууралуу пикирлер жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан