Такыр-Төр көлүнүн жырылышына байланыштуу кошумча маалымат берилди

Кечээ, 27-июнда болжол менен саат 17:31 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлдүн дамбасы жырылып, суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдардын ортосундагы 1 даана көпүрөнү алып кеткен. Азыркы учурда эки тартаптуу жол жабык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Учурда жеринде жолду ачуу боюнча тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссия менен биргеликте жалпы 950 адамды эвакуациялап, убактылуу жайгаштыруучу жайларга (мектеп, мечит, Маданият үйү, интернат үйү) жайгаштырылды.
Эвакуация иштерине Кант шаарынын мэриясынан 11 даана кичи автобус, райондук транспорт кызматынан 8 кичи автобус унаалары тартылды. Азыркы учурда суунун көлөмү турукташып, турак үйлөр жана башка инфраструктура объектилери жабыркаган жок. Кошумча маалымат бериле турганы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан