Маалыматка ылайык, Чжан Шуся 2011-2013-жылдар аралыгында жалпысынан 7 ымыркай саткан. Алардын алтоосу полиция кызматкерлери тарабынан табылган. Ал эми ымыркайлардын биринин каза болуп калгандыгы аныкталган. Дарыгер ата-энелерге "балаңыздар оорукчан болуп төрөлдү" деп алардан баш тартуу кагазын жаздырып алып турган.
Чжан Шуся акыркы жолу 2013-жылдын 16-июлунда ымыркай саткан. Баласынын дени сак төрөлгөнүнө ишенген 23 жаштагы эне 20-июлда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Полиция кызматкерлеринин ыкчам-изилдөө иштеринин негизинде бала Хайнань провинциясынан табылып, август айынын башында ата-энесине кайтарылып берилген.
Ушул окуядан соң дарыгерге жана бул ишке аралашкан жакындарына кылмыш иши козголгон. Учурда Чжан Шуся эки жылдык жаза мөөнөтүн өтөөдө. Андан соң өлүм жазасына тартылат.