
Тажикстандын тышкы иштер министри
Сироджиддин Мухриддин расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 30-июндан 1-июлга чейин расмий сапар менен Кыргызстанга келет", - деп айтылат маалыматта.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.
Эске салсак, эртең, 30-июнда Чолпон-Атада ЖККУнун ТИМ кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Учурда Кыргызстанга Орусиянын жана Казакстандын тышкы иштер министрлери келишти.