Тарыхта биринчи жолу. Тesla электромобили фабрикадан кардардын үйүнө өз алдынча жетти (видео)

Tesla Model Y электромобили тарыхта биринчи жолу фабрикадан түз эле кардардын үйүнө өз алдынча жетти. Бул тууралуу ишкер Илон Маск X социалдык тармагында билдирди.

«Tesla Model Y автоунаасы толугу менен автономдуу режимде фабрикадан чыгып, шаардын ичин жана автомагистралдарды басып өтүп, кардардын үйүнө бир күн эрте жетти!» — деп жазды Маск.

Анын айтымында, унаада адам болгон эмес, ал тургай алыстан башкаруу да колдонулган эмес.

Маск бул жетишкендик менен искусстволук интеллектке негизделген программалык камсыздоо жана микросхемаларды иштеп чыккан командаларды куттуктады. Анын айрым компаниялары учурда AI (жасалма интеллект) технологиясына негизделген нейротармактарды иштеп чыгууда.

Тарыхта биринчи жолу. Тesla электромобили фабрикадан кардардын үйүнө өз алдынча жетти(видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан