АКШнын Айдахо штатындагы токойдогу чыккан өрт өчүрүү учурунда атышуу орун алып, эки куткаруучу каза болуп, бир нечеси жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кутенай округунун шерифи Роберт Норриске шилтеме берүү менен билдиришти.
Ошондой эле белгисиз адам окуя болгон жерге келген укук коргоо кызматкерлерине тапанча менен ок чыгарууну улантканы такталды. Кол салгандардын так саны белгисиз, бирок ок ар кайсы жактан учуп жатканын полиция кызматкери кошумчалады.
Атышуудан улам өрт өчүрүү иштери убактылуу токтотулуп, көчөлөр жабылды.