Пакистанда бороон-чапкындан кеминде 45 адам көз жумду

Пакистанда акыркы күндөрдөгү муссондук жаан-чачындын кесепетинен кеминде 45 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жызышты.

Анда кабарлангандай, эң көп жоготуулар Хайбер-Пахтунхва провинциясында катталган. Ал жерде 21 адам көз жумганы айтылат. Ошондой эле жоготуулар Синд, Пенжаб жана Белуджистан провинцияларында да катталган.

"Пенжабда 13 адам каза болду. Алардын ичинен сегизи балдар",- деп айтылат Geo TV тараткан маалыматта.

Аталган аймактарда мындай туруксуз аба ырайы апта ичинде сакталышы күтүлүүдө.

Белгилей өтсөк, буга чейин Пакистандын Пенжаб аймагында катуу жаан-чачындын жана шамалдын айынан 10 адамдын өмүрү кыйылганы маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан