Индияда фестиваль маалында чыккан дүрбөлөңдөн 3 адам каза болду

Индиянын чыгышындагы Одиша штатындагы фестиваль учурунда болгон дүрбөлөңдө 3 адам каза болуп, 50гө жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу Hindustan Times гезити жазды.

Маалыматка ылайык, Одишада "Жаганнатх Ратх Ятра" фестивалы башталган. Жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 04:00 чамасында ибадаткананын жанына элдин топтолушу менен дүрбөлөң чыккан.

Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, жаракат алгандардын саны 50гө жакын, алардын ичинен алтоонун абалы оор.

Индиядагы эң маанилүү фестивалдардын бири болгон "Жаганнатх Ратх Ятра" маалында мындай кырсыктар буга чейин да болуп келген.

Маалымат үчүн: Бул фестиваль өзгөчө Одиша жана Гуджарат штаттарында, индуизмдеги Кудайлардын бири болгон Лорд Жаганнатхтын урматына өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан