Түркияда кыргыз маданияты көрсөтүлдү (видео)

Түркиянын Йозгат шаарынын Йенифакылы районунда 2-кыргыз маданий фестивалы өттү. Бул тууралуу ТРТ хабер басылмасы жазды.

Маалым болгондой, фестиваль учурунда кыргыз улуттук тамактары, жергиликтүү кол өнөрчүлүк буюмдар жана улуттук кийимдер көргөзмөгө коюлду. Ошондой эле элдик бийлер, чүкө, жаа атуу сыяктуу улуттук оюндар да ойнотулду.

Йенифакылыда жашаган кыргыздар тарабынан уюштурулган бул экинчи фестиваль шаңдуу жана түркүн-түстүү иш-чараларга бай болду. Катышуучулар кыргыз маданиятын жакындан көрүп, таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

АК партиясынын Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча жетекчиси Күршад Зорлу: "Түркия менен Кыргызстандын кызматташтыгы күчөгөн сайын, ал эки гана өлкөгө эмес, жалпы түрк дүйнөсүндөгү кызматташтыкка оң таасир этерине шек жок",- деди.

Зорлу соңку жылдары эки өлкө ортосундагы мамиле тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандагы Манас университети, саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлор, Маариф мектептери сыяктуу иштер Түркиянын кыргыз эли менен тыгыз биригип жатканын көрсөтөрүн кошумчалады.

Маалымат үчүн: Кыргыздар 43 жыл мурда Ооганстандын Памир аймагынан Вандын Эрджиш районундагы Улупамир айылына көчүп келишкен. Кийинчерээк болжол менен 50гө жакын үй-бүлө туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында Йенифакылы районуна алып келинген.

Мамлекеттик турак жай агенттиги тарабынан курулган үйлөргө жайгашкан кыргыздар өз салт-санаасын сактап жашоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан