Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, 1-июлдан тарта ОСАГО полисин албаган айдоочуларга 3 миң сомдон айып пул салына баштайт.
Маалым болгондой, бир жылдык камсыздандыруунун базалык наркы 1680 сомду түзөт.
Маалымат үчүн: ОСАГО - автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу болуп саналат. Айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет.