Айдоочу, абайла! Бишкекте жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, жанындагы кыз оор жаракат алды

Бишкекке жакын аймакта орун алган жол кырсыгында бир айдоочу каза болуп, бир кыз ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирет.

Кырсык 27-июнда, саат болжол менен 02:30да Люксембург айылында болгон. 2002-жылы туулган Т.С. аттуу жаран Lexus LX 570 унаасын айдап, чыгыштан батышка карай бара жаткан. Ал эми ошол эле багытта 1998-жылы туулган Р.А. айдаган Daewoo Nexia унаасы жүрүп, анда жүргүнчү кыз да болгон.

Кырсыктан Daewoo Nexiaнин айдоочусу ошол жерде каза тапкан. Жүргүнчү кыз оор жаракат алып, Ысык-Ата райондук Канат ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан