Эртең, 1-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Бишкек шаарында түнкүсүн +19... +21, күндүз +32... +34;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16.. +21, күндүз +31 ... +36;
Талас жергесинде түнкүсүн +11... +16, күндүз +29... +34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17... +22, күндүз +32... +37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11... +16, күндүз +24 ... +29;
Нарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +24... +29.