АКШнын Огайо штатында жеңил моторлуу учак кулап, 6 адам каза болду

АКШнын Огайо штатында Cessna 441 үлгүсүндөгү жеңил моторлуу учак кырсыкка учурап, алты адам каза болду. Бул тууралуу Fox 8 телеканалы жергиликтүү бийликке шилтеме берип жазды.

Маалым болгондой, учак кырсыгы кечээ, 29-июнда эртең менен болгон. Анын бортунда төрт жүргүнчү, эки экипаж мүчөсү болгон.

"Бийлик өкүлдөрү тактагандай, кырсык учак абага көтөрүлгөн 7 мүнөттөн кийин болгон",- деп жазылат анда.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Бул факт боюнча АКШнын Жарандык авиация башкармалыгы жана Улуттук транспорттук коопсуздук кеңеши биргелешип тергөө иштерин баштай турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан