Интернет желесинде кыргыз, кытай жана англис тилинде рэп айткан жигиттин видеосу тарап, кызуу талкууга түштү. Коомчулук анын чыгармачылыкта ак калпагын башынан түшүрбөй жүргөнүн алкап, суктанышууда.
Бул ырчы жигит Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунан чыккан, BabyKush каймана аты менен белгилүү.
Ал ар кандай сынактарга катышып, ар бир аткаруусунда ак калпагын башынан түшүрбөй келет. Ошондой эле ар бир чыгармасында патриоттук сезимге чакырган ыр саптарын кошуп ырдап, кыргыз экендигин даңазалайт.