Курулуш компаниясынын жетекчисинин мүлкүн басып алууну көздөгөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, мурда бир нече жолу соттолгон Б.К., Ы.Р. жана Ж.А. аттуу жарандар курулуш фирмасын аларга каттоого мажбурлап, анын ордуна курулуш материалдарын берүүнү убадалашкан. Мындан тышкары, компаниянын директорунун кеңсесине келип, мүлктөрүн кылмыштуу топтун колуна өткөрүп берүүнү көздөп коркутушкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында алар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө уланууда.