2-июлда Бишкек шаарынын 12-кичи районунда убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу калаа бийлиги жарыя таратты.
Ага ылайык, бул күнү саат 10:00дөн 19:00гө чейин суу токтотулат.
Мындай чектөө суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу киргизилди.
“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.