АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Израил менен ХАМАСты Газадагы согушту токтотуу тууралуу келишим түзүүгө чакырганын жазат Euronews.
Бул аймакта согуш 20 айдан бери уланууда.
Иран менен Израилдин 12 күндүк согушу токтотулгандан кийин Израил менен ХАМАС ортосунда сүйлөшүүлөр активдүү баскычка өттү.
ЖМКлардын маалыматына караганда, жакынкы апталарда Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху Вашингтондо иш сапары менен болот.
Трамптын тынчтык чакырыгынан бир аз мурда Израил Газага абадан сокку урган. Палестиналык медициналык мекемелердин маалыматына караганда, кеминде 60 киши каза болду.
ХАМАС бардык туткундарды бошотууга даяр, бирок Израил аскерлери Газадан толук чыгып кетиши керек. Израил болсо бул сунушту кабыл албай, ХАМАСтын баш ийүүсүн талап кылууда.
Ал арада Нетаньяху коргоо министри Исраэль Кац жана Башкы штабдын башчысы генерал-лейтенант Эяль Замир менен жыйын өткөрөт. Алар Газадагы кол салууну кеңейтүү боюнча кийинки кадамдарды талкуулашат. Израил медиасы бул операция мурдагыдан башкача болорун белгилеп жатат.
ЦАХАЛ Газанын түндүк бөлүгүнөн палестиндиктерди массалык түрдө эвакуациялоо буйругун берди. Төмөнкү аймактарды таштоо керек:
- Газанын чыгыш жана түндүк райондорундагы кварталдар
- Жебалия качкындар лагери
ЦАХАЛдын өкүлү Авихай Эдраи эл түштүк жакка, Аль-Маваси аймагына көчүшү керектигин айтты.
Коопсуздук уюмдары мындай көчүүнү күчтөп көчүрүү катары баалап жатат.