Садыр Жапаров Тажикстандын тышкы иштер министрин Чолпон-Атада кабыл алды 

Бүгүн, 30-июнда президент Садыр Жапаров Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинди Чолпон-Ата шаарында кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдирди.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланган. Ошондой эле Жапаровдун Тажикстанга алдыда боло турган сапары тууралуу сүйлөшүү болгон.

Мамлекет башчысы биргелешкен аракеттердин аркасында эки өлкө эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө туруктуу өнүгүү динамикасын берүүгө жетишкенин белгилеген.

Өз кезегинде Мухриддин бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты арттырууга даярдыгын билдирген. Ал ошондой эле өлкөлөр көп тараптуу форматта: БУУ, КМШ, ШКУ, ЖККУ жана башка бирикмелердин алкагында да өз ара аракеттенүүнү бекемдеп жатканын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан